Кыргызстанда мекендик өндүрүштөгү паспорттор бериле баштады

Автор

Бүгүндөн тарта ата мекендик өндүрүштөгү жалпы жарандык паспорттор бериле баштады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасына жазды.
“Бүгүн мамлекетибиз ата мекендик өндүрүштөгү жалпы жарандык паспорттун жаңы үлгүсүн берип баштайт. Мурда жалпы жарандык паспорт Германия, ал эми ID-карта Түштүк Кореядан даярдалчу. Ал үчүн мамлекет чет элдик компанияларга 15 млрд сомдун тегерегинде акча каражатын жумшаган”, — деп жазган Орунбеков.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси белгилегендей, мындан ары паспорттун эки түрү тең президенттин иш башкармалыгына караштуу “Учкун” басмаканасында даярдалып, мурдагы паспортко салыштырмалуу бир нече көп коргоо элементтери кошулуп, дүйнөдөгү ондукка кирген сапатта болот.
“Эми мурдагыдай жасалма паспортторду даярдоо, шылуундуктарга жол берилбейт, миллиарддаган акча каражатыбыз мамлекетте калат”, — деп кошумчалады ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарына жолдомо утту

Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарына жолдомо утту Кыргыстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды. Таиландда өткөн лицензиялык мелдеште 57 кг салмакта күч сынашкан Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы атаандашы италиялык Мишел Балдассини судьялардын бир добуштан берген чечими менен жеңип алды. Ал эми […]

Сизге жагышы мүмкүн