Кыргызстанда малды экспорттоо убактылуу токтотулду

Автор

Кыргызстан ийри мүйүздүү жана жандык малды, жылкыны экспорттоону убактылуу токтотту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “СИОЖ” системасында Айыл чарба жаныбарларын идентификациялоого инвентаризация жүргүзүүгө байланыштуу Ветеринардык кызмат тарабынан үчүнчү өлкөлөрдүн дарегине ийри мүйүздүү жана жандык малдыжана жылкыны экспорттоого уруксат берүү убактылуу токтотту.
Аталган чара өлкөдөгү айыл чарба малдарынын так эсебин камсыз кылууга, ошондой эле ветеринардык жана санитардык нормалардын сакталышына контролду жогорулатууга багытталган. Бул биздин ички республикалык жана эл аралык өнөктөштөрүбүзгө көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Инвентаризация 15-20 күнгө созулат, андан кийин экспортко уруксат берүү процесси улантылат. Ушул мезгилде берилген бардык арыздар инвентардык иш-чаралар аяктагандан кийин дароо артыкчылыктуу тартипте каралат.
Экспортко уруксаттарды берүүнү улантуу жөнүндө кошумча маалымат жарыяланат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытай Африкага 50 миллиард доллар берип, 1 миллиондой иш орундарын түзөт

Кытай Африкада өнөр жай, айыл чарба, инфраструктура, соода жана инвестиция тармагында кызматташууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле Африка континенталдык эркин соода аймагын өнүктүрүүгө жана логистикалык, каржылык кызматташууну тереңдетүүгө көмөктөшөт. Бул тууралуу Кытай лидери Си Цзиньпин Пекинде өткөн Кытай-Африка кызматташуу форумунда айтты. Мындан тышкары, Кытай Африкада 30 инфраструктуралык жана 30 аз […]

Сизге жагышы мүмкүн