Кыргызстанда майыптыгы бар 217 миңден ашык адам жашайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова билдирди.
Анын айтымында Кыргызстанда 217 миңден ашуун майып адам бар экенин, алардын 29 миңге жакыны экономикалык ишмердүүлүк менен алектене алышарын белгиледи.
“Анын ичинен 2,3 миңден ашыгы жумуш менен камсыз болду. Президент Садыр Жапаровдун майыптуулугу бар жарандардын өзүн-өзү ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзүү саясатынын алкагында министрлик бул багытта активдүү иш алып барат. Жыл башынан бери майыптуулугу бар 500дөн ашык жаран жумушка орношуп, кесиптик окууга жөнөтүлдү. “Социалдык контракт” программасынын алкагында өз бизнесин ачкан майыптуулугу бар жарандардын саны 1,8 миңден ашты”, – деди ал.