Кыргызстанда көмүрдү экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди

Автор

Кыргызстанда көмүрдү экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Өкмөттөн билдиришкендей, документте Кыргызстандан көмүрдү ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары автоунаа менен алып чыгууга тыюу салынды. “Эркечтам – автожол” жана “Торугарт – автожол” унаа өткөрүү пункттары үчүн өзгөчөлүк киргизилип, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына аталган мамлекеттик чек ара өткөрүү пункттары аркылуу көмүрдү автотранспорт менен ташып чыгууда колдонулбайт.
Токтомго ылайык, чектөө ЕАЭБ HS 2701 жана 2702 коддору боюнча классификацияланган көмүргө тиешелүү жана 6 айлык мөөнөткө киргизилет.
Экономика жана коммерция министрлигине үч күндүн ичинде Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) жана Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) тыюу киргизилгендиги тууралуу билдирүү тапшырылды.
Токтом расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: Аз сүйлөөнүн пайдасы жөнүндө

Низами: Адамга сөз суудай керек – кептин чыны, А бирок кээде оозду жапкан – болот мыкты. Талаш жок – суу жан сергитет, А бирок ким көп ичсе – так секиртет. Издеп-таап нускалуу сөз берметин, Акак таштай жарык кыл жердин бетин. Шоола чачкан сөзүң менен сыймыктан, Нак берметин издеп тап асыл […]

Сизге жагышы мүмкүн