Кыргызстанда күрүч кымбаттады

Автор

Жыл башынан бери Кыргызстанда күрүчтүн баасы 50%дан ашык кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин баяндамасында айтылат.

Маалыматка ылайык, 2-январда күрүч 93,9 сом болсо, 2-ноябрда 143,6 сомго чыкты. Жыл башынан бери баалар 52,9%га өскөн.

Бүгүнкү күндө эң кымбат күрүч Кара-Сууда 188 сомдон сатылууда, Караколдо 175,5 сом жана Ноокатта 170,7 сомго бааланууда. Ал эми Өзгөн жана Токмок шаарларында күрүч эң арзан баада сатылууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстан күрүчтү беш өлкөгө экспорттоп, 13 өлкөдөн импорттойт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо башталды

Бүгүндөн тарта Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо башталды.  Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти. Маалыматка ылайык, тизме түзүү 20-ноябрга чейин уланат. Зыяратка баргысы келгендер ID-картасын, 2000 доллар жана кайтарымсыз 1000 сом төлөгөнү тууралуу квитанциясын жана дагы башка ажылыкка керектүү кагаздарды тапшырышы керек. Эске салсак, 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Сауд Арабиясы Кыргызстанга 6 миң […]

Сизге жагышы мүмкүн