Кыргызстанда  күн электр станциясы курулат

Автор

Кыргызстандагы  алгачкы жолу кубаттуулугу 50 мегаватт болгон “Күн булагы” күн электр станциясы курулат. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагында ишке ашырылып жатат. Жалпы инвестициянын көлөмү 35 млн. доллардан ашат. Долбоорду “Күн Булагы” ЖЧКсы казакстандык “TGS-Energy Limited” компаниясы менен биргеликте ишке ашырууда.

Белгилей кентсек, долбоор Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия тармагында биринчилерден болуп саналат. Аны ишке ашыруу өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө жана ички керектөөнү жарым-жартылай жабууга жардам берет. Буга чейин аталган компания Тору-Айгыр айыл аймагынан жалпы аянты 80 гектар жер тилкесин алуу боюнча тендерди утуп алган.

“Бүгүнкү күндө инвестор долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭО) иштеп чыгып, “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКсынан алдын ала техникалык шарттарды алды. Ишкана инженердик-геологиялык жана инженердик-геодезиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Жакынкы аралыкта айыл чарбадагы жоготууларды жана алынбай калган пайданы төлөп, ошондой эле айыл өкмөтү менен келишим түзгөндөн кийин ишкана техникаларды алып келип, объектинин курулушун баштайт”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Аблязов 30 күндүн ичинде Франциядан чыгып кетиши керек

Франциянын соту Мухтар Аблязовду 30 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттендирди Издөөдө жүргөн жана бозгун Мухтар Аблязов Франция соту 30 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып, аны кабыл алууга даяр өлкөгө баруу чечимин чыгарганын билдирди. “Алар мени 30 күндүн ичинде Франциядан чыгып кетүүнү талап кылышты, башка өлкөгө барууга паспортум да, визам да […]

Сизге жагышы мүмкүн