Кыргызстанда кышкы ЖРТга каттоо башталды

Автор

Кыргызстанда кышкы кабыл алуу үчүн республикалык тестирлөөгө каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 17-октябрдан 29-октябрга чейин Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу онлайн жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна абитуриенттерди кышкы тандоо жана кабыл алуу ЖОЖдордун контракттык окутуу формасына гана жүргүзүлөт.
ЖРТга (кышкы кабыл алуу үчүн) орто билимге же кесиптик орто билимге ээ, колунда орто билимин тастыктаган аттестаты/диплому бар адамдар гана катыша алышат.
2025-жылдын бүтүрүүчүлөрү (мектептердин 11-класстарынын же техникумдардын, колледждердин бүтүрүүчү (акыркы) курстарынын окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери) ЖРТга (кышкы кабыл алуу үчүн) каттоого катыша алышат.
Мурдагы жылкы жана 2024-жылдын бүтүрүүчүлөрү (МЖБ) өздүк баракчасына кирүүгө мүмкүндүк алуулары зарыл. Өздүк баракча ачуу мүмкүндүгү паспортуңуздун жана орто билим алгандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн аттестатыңыздын (диплом) түп нускаларын жеке өзүңүз көрсөткөндөн кийин гана жашаган жериңиздин райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүндөгү ЖРТ боюнча жооптуу кызматкери тарабынан берилет.
1. Мүмкүндүктү райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүндөгү ЖРТ боюнча жооптуу кызматкерден алуу керек.
2. Онлайн каттоонун бланкын толтуруу үчүн сизге төмөндөгүлөр керектелет: уюлдук телефонуңуздун номери, паспортуңуздун түп нускасынын электрондук сүрөттөрү (эки тарабы тең), аттестаттын (атайын орто билими жөнүндө дипломдун) түп нускасынын электрондук сүрөтү. Телефонуңуздун номери мындан ары каттоо үчүн гана логин катары колдонулбастан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна тапшыруудагы конкурска катышуу үчүн да керектелет. Сиздин жүзүңүздүн электрондук сүрөтү (сүрөткө коюлган талаптар менен онлайн каттоо баракчасын толтуруу учурунда таанышасыз).
Каттоонун онлайн бланкын толтуруу нускамасын жашаган жериңиздин райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүнүн ЖРТ боюнча жооптуу кызматкеринен аласыз.
ӨЗДҮГҮН ТАСТЫКТАГАН ДОКУМЕНТИ же ЖРТга КАТТООСУ ЖОК АБИТУРИЕНТТЕР ТЕСТКЕ КИРГИЗИЛБЕЙТ.
Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жашаган жарандар тестке бир күн калганда каттоодон өтүүлөрү зарыл. Жогоруда белгиленген керектүү документтердин баарынын болушу милдеттүү.
Жогорку окуу жайлардагы бош адистиктердин тизмеси менен testing.kg сайтынан тааныша аласыз.
Каттоо боюнча нускамаканы testing.kg сайтынан көрсөңүз болот.
Ал эми каттоо үчүн онлайн форманы толтуруу боюнча видеороликти testing.kg сайтынан көрсөңүз болот.
Кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТ болжол менен 2024-жылдын 22-ноябрынан 30-ноябрына чейинки убакытта өткөрүлөт.
Кыргызстандын ЖОЖдоруна өтүү үчүн ЖРТнын негизги тестинин жана мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыктары милдеттүү түрдө керек.
Предметтик тесттер англис тили, химия, биология, физика, математика, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты боюнча жүргүзүлөт. Предметтик тест негизги тесттен өзүнчө бааланат. Предметтик тестти каалаган санда тандаса болот, бирок абитуриенттер мында “канчалык көп болсо, ошончолук жакшы” принциби иштебестигин эсепке алышы керек.
Ар бир тандалып алынган тест үчүн өзүнчө акы төлөнөт. Негизги тестти тапшырбастан предметтик тестти тапшырууга болбойт.
Каттоо акысы төлөнбөгөн учурда ЖРТга катышуу мүмкүн эмес.
Негизги тесттин акысы – 470 сом,
Мамлекеттик тил боюнча тесттин акысы – 200 сом,
Ар бир предметтик тесттин акысы – 470 сом.
Бул сумманы РСК банкына төлөп, төлөө дүмүрчөгүн ЖРТ боюнча жооптуу кызматкерге көрсөтүү же дүмүрчөктүн номерин жана сумманы өздүк баракчасына киргизүү (жазуу) керек.
Бардык суроолор боюнча окуу жайлардагы ЖРТ боюнча жооптуу кызматкерлерге кайрылыңыздар, ошондой эле ББОУБдун төмөнкү телефон номерлерине чалыңыздар (Иш тартиби – 09:00 – 17:00, ишемби – жекшемби – дем алыш күндөрү):
(0312, 0502, 0500, 0550,0770) 66-48-38.
WhatsApp: +996 500664838

Бөлүшүү:
Next Post

Ашуулардагы абал айтылды. Унаа кыймылына чектөө жок

Кыргызстандагы ашууларда жолдор ачык. Унаа кыймылына чектөө жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош авто жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Тараз –Талас-Суусамыр автожолундагы Өтмөк ашуусунда жолдор ачык, унаа кыймылына чектөөлөр жок. Ошондой эле Бишкек – Нарын – Торугарт автожолундагы Долон, Кызыл-Бел жана Ат-Башы районундагы […]

Сизге жагышы мүмкүн