Кыргызстанда кызамык оорусу боюнча абал курч бойдон калууда

Автор

Учурда өлкөдө кызамык оорусу боюнча абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ооругандардын негизги өсүшү Бишкек шаарында байкалууда, анда вирус стационардык очоктордо байланышта болгондор арасында активдүү жайылып жатат.
“Акыркы жылдары балдарды эмдөөдөн баш тартуу учурлары көбөйүп жатат. Бул көрүнүш балдардын ден соолугуна олуттуу коркунучтарды жаратууда. Эмдөөдөн өтпөгөн балдар жугуштуу ооруларга чалдыгып, оорунун жайылышына себепкер болушууда”, – деп белгилешти министрликтен.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2023-жылдын аягына карата республика боюнча кызамык оорусунун 7 046 учуру, 2024-жылы 14 миң 380 учуру катталган. Ал эми жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин 1 104 учур катталган.
Саламаттык сактоо министрлиги ооругандардын көпчүлүгүнүн ата-энеси буга чейин баласын эмдетүүдөн баш тарткандыгын айтты.
“2023-жылы 22 миң ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тартса, 2024 -жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча, 16 миң 408 ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тарткан”, – деп маалымдашты министрликтен.
Ошондой эле мекеме эмдөөдөн баш тартуунун бир катар себептерин атады:
Диний ишенимдер. Кээ бир ата-энелер диний түшүнүктөрүнө байланыштуу эмдөөдөн баш тартышат, бул көрсөткүч 2024-жылга карата 7824 адамды түзгөн;
Вакцинага шектенүү коопсуздугу боюнча эмдөөдөн баш тартышкан ата-энелердин саны 6506 адамды түзгөн;
Маалыматтын жетишсиздиги. Эмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу жетиштүү маалыматтын жоктугу боюнча 471 адам эмдөөдөн баш тарткан жана башка себептер менен 1607 адам эмдөөдөн өткөн эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Мишустин Казакстанга үч күндүк сапар менен келди

Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Казакстанга үч күндүк иш сапарын баштады. Россия өкмөтүнүн башчысы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана өлкөнүн премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугушууну пландаштырууда. Михаил Мишустин Алматы шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышып, Digital Almaty 2025 санариптик форумунда сөз сүйлөйт. Бөлүшүү:

You May Like