Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар азайды

Автор

Кыргызстанда кызамык илдетинин катталуу учурлары азайып баратат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, вирустун жайылуусу Бишкек шаарында жана Чүй облусунун борборго чектеш эки районунда байкалууда, бул жерде вирустун жайылышы стационардык очоктор тарабынан коштолууда.
Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 1-сентябрдан 17-сентябрга чейин республика боюнча кызамык оорусуна чалдыккан 49 учур катталган. Ал эми июль айында 828 учур, август айында 260 учур катталган. 2024-жылдын башынан бери Кыргызстанда кызамык оорусунун жалпы 13 320 учуру катталды.
Эскерте кетсек, кызамык оорусунун чыгышына каршы маанилүү чаралардын бири кошумча эмдөө кампанияларын жүргүзүү.

Бөлүшүү:
Next Post

Wildberries кеңсесиндеги атышуу боюнча алты адам камалды

Москвадагы Басман соту Wildberries кеңсесине кол салуу иши боюнча шектүү катары алты адамды 18-ноябрга чейин камакка алды. 18-сентябрда Москва шаарынын борборундагы Wildberries кеңсесинде ок атуу болгон. Эки күзөтчү каза болуп, жети адам жаракат алган. Компаниянын негиздөөчүсү Татьяна Бакальчуктун айтымында, бир топ эркектер анын күйөөсү Владислав Бакальчук менен чогуу кеңсени чабуул […]

Сизге жагышы мүмкүн