Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандар азайды

Автор

Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) жана сасык тумоого чалдыккандардын саны кыскарды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 4-жумасында (20.01.25 – 26.01.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 11 441 учуру жана сасык тумоонун 53 учуру катталган (и.к. 161,9), өткөн жумага салыштырмалуу (03-жума, и.к. 166,2) -2,6%га аз катталган.
Ооругандардын 5%ы (563 бейтап) ооруканага жаткырылган.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын таралуусу байкалууда, анын ичинде эң көп таралганы респиратордук синтициалдык вирус – 29,9%, риновирус – 25,2%, аденовирус – 13,2%, I-IV парагрипп – 12,1%, башка вирустук инфекциялар 19,6%ды түздү.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ Украинадан келген качкындар үчүн программаны токтотту

АКШ расмий түрдө Украинадан келген качкындар үчүн программаны токтотту. Тиешелүү билдирүү АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматынын сайтында жарыяланды. Эми каржылоо боюнча жаңы арыздар кабыл алынбайт. Бул чечим 2025-жылдын 20-январында президент Дональд Трамп кол койгон «Чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» жарлыкка байланыштуу. Документ миграциялык саясатты күчөтүүгө, качкындарды колдоого арналган федералдык […]

You May Like