Кыргызстанда керлинг боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Автор

Бишкекте 30-мартта биринчи жолу керлинг боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Чемпионат “Локомотив” муз комплексинде өтөт. Ага өлкөнүн ар бир облусунан тандоо этаптарынан ийгиликтүү өтүп, беш командага бөлүнгөн чоңдордон турган спортчулар аралаш жуптарда (кош микс) катышат.
Иш-чара кёрлингге спорттун түрү катары коомчулуктун көңүлүн буруу, аны өнүктүрүү жана жаштар арасында жайылтуу максатын көздөйт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте жалпы ишембилик өттү

Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында борбор калаанын бардык райондорунда массалык ишембилик өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда Ата-Түрк паркын борбордук аппараттын жана төрт райондун кызматкерлери тазалышты. Ошондой эле ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрдүн, уюмдардын […]

Сизге жагышы мүмкүн