Кыргызстанда канча миллиардер бар? Президенттин жообу

Автор

Кыргызстанда доллар менен өлчөнгөн 5-6 миллиардер, 200дөй миллионер бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине курган маегинде айтты.
Мамлекет башчысы алардын көпчүлүгү акчасын офшорлордо сакташарын, бирок бүгүнкү күнгө чейин каражатын өлкөгө толук алып кирише электигин, айрымдары алып келип, курулуш тармагына салып жатышканын билдирди.
Садыр Жапаров миллионерлерди өлкөгө акча алып келүү жана ар кандай долбоорлорго инвестиция салууда активдүү болууга чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Трамп кагылышууларга Байденди айыптады

АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп учурдагы америкалык лидер Жо Байденди жана анын администрациясын Ирандын Израилге кол салышына жана дүйнөнү каптаган башка кагылышууларга күнөөлөдү. «Бүгүнкү дүйнөгө караңыздар — азыр Жакынкы Чыгышка атылып жаткан ракеталарды, Россия, Украинада эмне болуп жатканын, дүйнөнү талкалап жаткан инфляцияны караңыздар. Мен президент болуп турганда мунун бири да […]

Сизге жагышы мүмкүн