Кыргызстанда канча диний уюм каттоодон өткөн?

Автор

Кыргызстанда 4 миң 313 диний уюм каттоодон өткөн. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертиза жана диний уюмдар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминов Бишкекте өткөн илимий-практикалык конференцияда билдирди.
Анын айтымында, катталгандардын ичинен 3 миң 914тү ислам багытындагы, 395и христиан багытындагы уюмдар. Ошондой эле 3 бахаи жамааты, 1 иудей жана 1 буддисттер жамааты каттоодон өткөн.
“Каттоодон өткөн диний уюмдардын эң ириси болуп мусулмандардын арасында ханафий мазхабын жана матурудий ишенимин сактоону камсыз кылуучу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы эсептелет”, – деди Айбек Иминов.

Бөлүшүү:
Next Post

Баш калкалоочу жайлардын тизмеси даярдалууда

Германия өкмөтү эл аралык коркунучтардын күчөшү жана дүйнө жүзү боюнча уланып жаткан согуштарга байланыштуу баш калкалоочу жайлардын тармагын түзүүнү пландап жатат. Германиядашы Bild гезитинин маалыматына ылайык, бул чечим оппозиция менен Федералдык жарандык коргонуу мекемесинин мүмкүн болгон чабуул же согуш коркунучуна байланыштуу баш калкалоочу жайларды даярдоо боюнча эскертүүлөрүнөн кийин кабыл алынган. […]

Сизге жагышы мүмкүн