Кыргызстанда калктын саны жети миллиондон ашты

Автор

Кыргызстанда калктын саны жети миллиондон ашты. Мындай маалымат менен Улуттук статистика комитети  билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын башына карата көрсөткүч 125 миң адамга көбөйдү.

Эң чоң өсүш Ош, Бишкек шаарларында жана Баткен облусунда катталса, эң азы Ысык-Көл, Нарын аймактарында болду.

Эске салсак, 7 миллионунчу кыргызстандык   Жакшылык Абдрасулов Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 2022-жылы  19-октябрда төрөлгөн.

Ал эми 6 миллионунчу кыргызстандык деп эсептелген Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында жарыкка келген.

Бөлүшүү:
Next Post

Суу ташкынынан көз жумгандардын саны 5 миңден ашты

Ливияда суу ташкынынан көз жумгандардын саны 5,2 миңге жетти. Жергиликтүү Кызыл Кресттин ыктыярчылары 10 000 адам дайынсыз жоголгондугун билдиришти.  Сел жээктеги Дерна шаарынын төрттөн бир бөлүгүн талкалап, ал жерде катуу жаандан улам эки дамба жарылган. Ливиянын чыгышындагы сел 10-сентябрда өлкөнү каптаган «Даниэль» бороонунан улам келип чыкты.  Табигый кырсык жээктеги Жабал […]

Сизге жагышы мүмкүн