Кыргызстанда кайсы агенттиктерге чет өлкөлөргө ишке орноштурууга тыюу салынды? Тизме

Автор

Миграциялык процесстерди турукташтыруу жана жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү максатында 11 агенттикке Кыргызстандын жарандарын бир катар чет мамлекеттерде ишке орноштурууга тыюу салынды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим “Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө” жобонун ченемдеринин негизинде кабыл алынды.
Чет өлкөдө ишке орноштурууга тыюу салынган агенттиктердин арасында төмөнкүлөр бар:

“Вайс Групп” ЖЧК (Литва);
“Селф виза” ЖЧК (Финляндия);
“Работа есть” ЖЧК (Россия);
Койгелдиева Ж.Э. (жеке ишкер) (Польша);
“Айя-София” Европага убактылуу жумуш” ЖЧК (Польша, Финляндия, Венгрия);
“Fly Go” ЖЧК (Чехия);
“Гоу Ту Германи” ЖЧК (ФРГ);
“Интернешнл Лигал Бридж” ЖЧК (Польша);
“Глобал Стади Сервис” ЖЧК (Россия, Турция);
“Лаки Джоб” ЖЧК (Болгария);
“Адимаворк” ЖЧК (БАЭ, Катар).
Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу агенттиктерин тандоодо сак болууга жана текшерилген агенттиктерге гана кайрылууга чакырат, алардын тизмеси жогорудагы сайтта жеткиликтүү

Бөлүшүү:
Next Post

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Тогуз коргоол боюнча курама команда 4 медаль жеңди

Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 4 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департамнетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, эркектер арасында Марлис Дуулатбеков күмүш медалга татыса, Сырттан Сыргак уулу коло медалга ээ болду. Кыз-келиндер арасында Азиза Жамансатарова жана […]

Сизге жагышы мүмкүн