Кыргызстанда каза болгондордун 52 пайызын жүрөк оорулуулар түзөт. Мындай маалымат министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборун зыярат кылган учурунда белгилүү болду.
5 жыл ичинде бул көрсөткүчтү 25 пайызга түшүрүүнү пландап жатышат. Бул багытта атайын программа кабыл алынган.
Шей Май 16 , 2023
Атайын аскердик операциянын жүрүшүндө Россиянын куралдуу күчтөрүнүн же аскердик түзүмдөрүндө кеминде бир жылдык мөөнөткө кызмат өтөөгө келишим түзгөн чет элдиктер, ошондой эле алардын балдары, жубайлары жана ата-энелери жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобосу менен орус жарандыгын ала алышат. Тиешелүү жарлыкка президент Владимир Путин кол койду. Каалоочулар ички иштер министрлигинин каалаган аймактык органына кайрылса болот. […]