Кыргызстанда кагаз жана картонду экспорттоого тыюу салынды

Автор

Кыргызстандан кагаз жана картонду (таштанды жана макулатура) Евразия Экономикалык Биримдигинен башка аймактарга ташып чыгууга тыюу салды.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү токтом 18-сентябрда кабыл алынды.  Макулатураны алты айга – 2024-жылдын март айынын ортосуна чейин экспорттоого тыюу салынды.

Убактылуу тыюу салуу ички рынокто чийки заттын тартыштыгынын алдын алуу, өндүрүштү калыпка салуу жана даяр өндүрүмдүн экспортун көбөйтүү максатында киргизилди.

Бөлүшүү:
Next Post

 “Манас” аэропортунда грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондорун тосуп алышты

Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионатта алтын медаль алган кыргызстандык спортчулар Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков баштаган балбандар Бишкекке кайтып келди. Алар отурган учак 26-сентябрдын таңында “Манас” эл аралык аба майданына конду. Чемпиондорду аэропорттон президенттин администрациясынын жана Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлери, күрөш федерациясынын өкүлдөрү, жакындары жана күйөрмандары тосуп […]

Сизге жагышы мүмкүн