Кыргызстанда жыл сайын «40 райондон 40 китеп» адабий сынагы өткөрүлөт

Автор

Кыргызстанда жыл сайын «40 райондон 40 китеп» адабий сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин тескемесинде айтылган.
Ага ылайык, тиешелүү жобо чыгармачылыкка дем берүү жана интеллектуалдык потенциалды чыңдоо үчүн шарт түзүү максатында иштелип чыккан.
«Жобо конкурсту өткөрүүнүн шартын жана тартибин аныктап, региондордогу авторлордун чыгармаларын баалоодо келип чыгуучу укуктук жана уюштуруу мамилелерин жөнгө салат. Конкурстун негизги максаты кыргыз тилин жана улуттук маданиятты сүйүүгө тарбиялоону пропагандалаган жана жазган таланттуу авторлорду табуу, чыгармачылыкты илгерилетүү болуп саналат», — деп жазылган маалыматта.
Кыргызпатентке жыл сайын атайын каражат боюнча чыгымдардын сметасында конкурсту уюштурууга жана авторлордун буга чейин чыгармаларын басып чыгарууга (тандалып алынган бир чыгармага 200 нускага чейинки тираж) каражат кароо тапшырылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Пашинян ЖККУну Армениянын коопсуздугуна жана суверенитетине коркунуч деп атады

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өз өлкөсүнүн ЖККУ менен болгон мамилелери «кайтып келгис чекке» жакындаганын билдирди. Анын айтымында, Ереван ЖККУга катышуусун токтотуп койгон. Анткени бул уюм республиканын эгемендүүлүгүнө коркунуч туудурган. «Биз ЖККУдагы мүчөлүгүбүздү токтоттук, анткени ЖККУ Армениянын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандыктан гана эмес, Армениянын коопсуздугуна, анын мындан ары […]

Сизге жагышы мүмкүн