Кыргызстанда жумушсуздардын саны 17 миң адамга азайды

Автор

Ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2023-жылга салыштырмалуу 17 миң 620 адамга азайды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда өлкө боюнча 81 миң 453 жумушсуз жаран министрликте каттоодо турат.
Жумушка орноштурууга кызматтарынын негизги милдеттеринин бири-жумушка орношууга көмөк көрсөтүү. Жыл башынан бери 6,3 миңден ашуун адам ишке орношуп, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 5,8 миң адам жөнөтүлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Жо Байден президенттик жарыштан чыгуу себебин түшүндүрдү

АКШнын президенти Байдендин айтымында Конгресстеги шайлоодо Демократиялык партияга залакасын тийгизгиси келбегендиктен талапкерлигин алып салган. «Сурамжылоолор боюнча, бул акыркы мүнөттөргө чейин улана турган татаал жарыш болмок. Бирок менин айрым кесиптештерим, Өкүлдөр палатасында жана Сенаттагы демократтар, мен аларга зыян келтиришим мүмкүн деп ойлошкон»,-деди Жо Байден CBS News телеканалына берген маегинде. Учурдагы АКШ […]

Сизге жагышы мүмкүн