Бүгүн, 17-октябрдан тарта, Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, каттоо онлайн режимде өтүп, 27-октябрга чейин уланат.
Ал эми жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн өткөрүлгөн кышкы Жалпы республикалык тестирлөөнүн өзү 2023-жылдын 24-ноябрынан 30-ноябрына чейин деп белгиленген.
ЖРТга каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими бар жана учурдагы 2023-2024-окуу жылында жогорку окуу жайларда окубаган адамдарга уруксат берилет.