Кыргызстанда жер тилкелердин кызыл китеби жоюлабы?

Автор

Кыргызстанда жер тилкелердин кызыл жана жашыл китептерин жоюу пландалууда. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Асылбек Сатыбалдиев ЖК комитетинде билдирди.
Ал жер ээлигин таанытуучу мындай китептерди жасалмалоо көбөйүп кеткенин белгилеп, анын ордуна кадастр планын киргизүү зарылчылыгын белгиледи. Муну менен жер сатууга байланышкан коррупцияны жоюуга мүмкүн болорун айтты.

«Кадастр планы — өзүнүн QR кодуна бекитилген документ. Бул кодго жер тилкеси тууралуу толук маалымат камтылат. Жер тилкенин аянты, тиби, категориясы, ээси, менчиктин түрү — баары ошол коддун ичине камтылат. Кадастр планы — жердин бүт конфигурациясы. Биз «кызыл, жашыл китептердин» ордуна ушул документти киргизүүнү көздөп жатабыз», — деди Сатвалдиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Европада суу ташкындары 21 адамдын өмүрүн алды

Reuters маалыматы боюнча, Борбордук Европанын көптөгөн аймактарын каптаган суу ташкыны 21ден кем эмес адамдын өмүрүн алды. Румыниядан Польшага чейинки аймактарды кыйраткан суу ташкыны катуу зыян келтирди. Чехия менен Польшанын чек арасындагы аймактар дем алыш күндөрү өзгөчө жабыркады. Жээктеринен ашкан дарыялар тарыхый шаарларды талкалап, көпүрөлөрдү кыйратып, үйлөрдү жок кылды. Румынияда аба […]

Сизге жагышы мүмкүн