Бүгүн, 31-май саат 11:13тө Кыргызстанда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.
Ага ылайык, бүгүн, 31-майда саат 11:13тө Казакстандын аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, Бишкек шаарынан 50 чакырым түндүк чыгышта жайгашкан
Жердин силкинүүсү Бишкек шаарынын аймагында 3,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.