Кыргызстанда жаңы Үй-бүлө кодекси иштелип чыгат

Автор

Кыргызстанда жаңы Үй-бүлө кодекси иштелип чыгат. Бул тууралуу  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кодексти иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун отуруму болуп өттү. Жыйынга мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер катышты.

Жумушчу топ түшүндүргөндөй, Үй-бүлө кодексин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык топтун милдети заманбап талаптарга ылайыкталган үй-бүлөлүк мамилелерди укуктук жөнгө салуу системасын иштеп чыгуу болуп саналат.

Жаңы документ бардык ратификацияланган эл аралык конвенцияларга жана макулдашууларга, үй-бүлөлүк укук жаатында Кыргызстан өзүнө алган бардык эл аралык милдеттенмелерге ылайык келет.

 

 

Бөлүшүү:
Next Post

Китепканаларда балдарды өнүктүрүү борборлору түзүлөт

Китепканалардын базасында балдарды өнүктүрүү борборлору түзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, бүгүн билим берүү министри Каныбек Иманалиев менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Меморандум балдарды мектепке чейинки билим берүү программалары менен камтууну кеңейтүүгө […]

Сизге жагышы мүмкүн