Кыргызстанда жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталат

Автор

Кыргызстандын мектептеринде биринчи коңгуроо 2-сентябрда кагылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Доктургүл Кендирбаева Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, быйыл 1-сентябрь дем алыш күнүнө туура келгендиктен 2-сентябрда өлкөдөгү бардык мектептерде билим күнүнүн башталашына байланыштуу салтанаттуу иш-чаралар уюштурулат.

Бөлүшүү:
Next Post

15-августта күтүлгөн аба ырайы

15-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Эртең менен жана күндүз Ысык-Көл облусунун, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36; Баткен, Ош, Жалал-Абад […]

Сизге жагышы мүмкүн