Кыргызстанда жашоо минимуму 7,9 миң сомду түздү

Автор

2024-жылдын үчүнчү кварталында жашоо минимумунун орточо баасы 7 миң 889,93 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетти билдирди.
Эмгекке жарамдуу калк үчүн жашоо минимумунун өлчөмү айына 8 миң 827,33 сомду, пенсия курагындагылар үчүн 6 миң 992,34 сомду, балдар үчүн 6 миң 703,07 сомду түздү.
Жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Бишкек шаарында – 8 миң 172,95 сом, эң төмөнкүсү Чүй облусунда – 7 миң 376,09 сомду түздү.
Улуттук статистика комитети 2023-жылы октябрда өлкөдөгү жашоо минимумун 7 миң 756 сом деп белгилеген.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУ Нетаньяхуга кайрылды: Тынч тургундардын азабын жеңилдетүү зарыл

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жетекчилиги Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга жеке түрдө кайрылып, Газа секторунда, Иордан дарыясынын батыш жээгинде жана Ливанда “көптөгөн тынч тургундардын азабын жеңилдетүүгө” чакырышты. «Биз сизден, премьер-министр катары, Израиль өкмөтү өзүнүн милдеттенмелерин жана убадаларын аткарышын камсыздоо үчүн колдоо көрсөтүүнү суранабыз. Өзгөчө кырдаалдардагы жардамдын натыйжалуулугун […]

Сизге жагышы мүмкүн