Кечээ түнкү саат 22:40 чамасында Кыргызстандын Түштүк аймагында жер титирөө катталды. АКШнын геологиялык кызматы зилзаланын очогу 6.5 балл менен Ооганстанда катталганын билдирип, Индия, Пакистан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда сезилди деп билдирди.
Ош шаарынын айрым тургундары бийик имараттардан эшикке качып чыгышты. Жыйынтыгында, Борбор Азия өлкөлөрүндө 5 баллдын тегерегинде жер силкинүү болуп өткөн.