Кыргызстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү башталат

Автор

Президент Садыр Жапаров жазгы аскердик кызматка чакыруу иштерин баштоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу “Токтом” маалыматтык-укуктук порталында маалымдалат.
КР президентинин 2024-жылдын 20-февралындагы ПЖ N 34 Жарлыгына ылайык 2024-жылдын март-май айларында чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон жарандар КР Куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылат.
Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулат.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Телефондон баш тарткан мектепке 24 миң доллар убада кылышты

Өзбекстандын Ташкент облусунун башчысы телефондон баш тарта турган мектепке 24 миң доллар убада кылды. Билим берүү кеңешинин жыйынында администрация башчысы облустагы билим берүү мекемелерин «Телефонсуз мектеп» демилгесин көтөрүүгө чакырды. Зойир Мирзаевдин айтымында, ата-энелер менен макулдашып, «Телефонсуз мектеп» демилгеси менен чыккан мектепке 24 миң доллар стимул берилет. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн