Кыргызстанда жаан жаайт : 21-июлга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 21-июлда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35,

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,

Нарын облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30,

Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын түнкү температурасы +20…+22, күндүзү жогорку температура +33…+35 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Ыктымал болгон жер титирөөгө даярдыктар жарыяланды

Түркиянын экология жана шаар куруу министри Мехмет Озхасекинин айтымында, келерки аптада бийлик Стамбулду ыктымал жер титирөөгө даярдай баштайт. «Биз Стамбул шаарынын мэри жана район жетекчилери менен болушу мүмкүн болгон жер титирөө боюнча  макулдашууга жетиштик. Кийинки жумада ишти баштайбыз»,-деди Озхасеки. Анын айтымында, Стамбулда 5 миллион 800 миң имарат бар. Алардын 1,5 […]

Сизге жагышы мүмкүн