Кыргызстанда дагы беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам берилет

Автор

Кыргызстандагы беш жогорку окуу жайына өзгөчө макам берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасындагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизди.
Өзгөчө статусу бар ЖОЖдордун тизмесине төмөнкүлөр кошулганы белгиленген:

Баткен мамлекеттик университети;
Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети;
Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети;
Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети;
Талас мамлекеттик университети.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз-кытай чек арасында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду

Бүгүн, 17-октябрда саат 04:23тө кыргыз-кытай чек арасында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Ысык-Көлдүн Бедел айылынан түштүк-чыгышты карай 40 чакырым, Кумтөр кенинен түштүк-чыгышка карай 80 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 150 чакырым жана Кажы-Сай айылынан түштүк-чыгышка карай 153 чакырым аралыкта […]

Сизге жагышы мүмкүн