Кыргызстанда 1-ноябрга карата ВИЧ инфекциясына кабылып, расмий каттоодон өткөндөрдүн саны 14 миң 159 адамга жетти. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун дарыгери Баккелди Жумабеков билдирди.
Анын айтымында, анын ичинен 13 миң 331и кыргызстандык болсо, 828и чет элдик жарандар.
“Анын ичинен Бишкекте – 3 миң 600, Ысык-Көл облусунда – 533, Чүй облусунда – 3 миң 357, Талас облусунда – 213, Жалал-Абад облусунда – 1 миң 513, Ош облусунда – 3 миң 398, Баткен облусунда – 251, Нарын облусунда – 295 учуру катталды. Мындай көрсөткүч өлкөдө оорунун жайылып баратканынан кабар берет”, – дейт дарыгер.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл сайын 800 миңге жакын адам акысыз текшерүүдөн өткөрүлүп турат. Вирус аныкталгандарга эл аралык донорлордун көмөгү менен дары-дармек акысыз берилет. Ал дарылар вирусту биротоло жок кылбайт, бирок дарттын өтүшүп кетишинен сактайт.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында, жер жүзүндө ВИЧ жугузган 40 миллиондой адам катталган. Дарт дүйнөдө алгач 1981-жылы, Кыргызстандагы биринчи учур 1996-жылы катталган.