Кыргызстанда быйыл 150 миңдей бала 1-класска барат

Автор

Кыргызстан боюнча быйыл 1-класска 150 миңдей бала барат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон биринчи класска электрондук каттоо бүтө элек болгондуктан бул сан өзгөрүшү мүмкүн экендигин эскертишти.
Эгерде ата-энелер кандайдыр бир себептерден улам баласын 1-класска каттай албаса, анда алар райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнө/башкармалыгына кайрылышы керек.
Белгилей кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо 2023-жылдын 11-апрелинде башталган жана 31-августта аяктады.
Республика боюнча 2 миң 350дөн ашуун мектеп бар, аларда болжолдуу 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Жалпысынан 74 миңге жакын мугалим бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркия менен БУУ дан келишими боюнча сунуштарды иштеп чыгышты

Дан келишимин калыбына келтирүү маселеси Россия менен Түркиянын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Хакан Фидандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы болду. Анкара бул демилгени кайра жандандырууга үмүттөнүүдө. Бул тууралуу түрк министри жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Москвада өткөн маалымат жыйынында билдирди. «Кара деңиз дан демилгесин активдештирүү маселеси биздин күн тартибибизде негизги тема […]

Сизге жагышы мүмкүн