2022-жылы Кыргызстанда балдар арасында онкологиялык оорулардын 180 учуру катталган. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта КР Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова балдар онкологиясы темасына арналган тегерек столдо билдирди.
Анын айтымында, буга чейин жыл сайын балдар арасында онкологиялык оорунун 120 учуру аныкталган. «Балдар арасында онкология оорусуна чалдыккандардын саны жыл сайын өсүүдө. Биз ооруну аныктоону жана диагностикалоону жогорулатуунун үстүндө иштеп жатабыз», — деди ал.
“Мындан тышкары, дары-дармектерди ачык пландаштырууну жана бөлүштүрүүнү камсыздоо үчүн онкологиялык оорулуулардын санариптик реестри түзүлөт. Бирок, тилекке каршы, бул аракеттер дайыма эле жетиштүү боло бербейт. Ошондуктан, биз конкреттүү, сезилерлик мындан аркы иш-аракеттерди талкуулоо жана иштеп чыгуу үчүн бүгүнкү жолугушууну демилгеледик”, – деди министр.