Конституциялык соттун Соттук коллегиясы 16 жашка чыккан балдар үчүн апасынын атын алууга уруксат берди. Бул тууралуу активист Алтын Капалова Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Активист эми Кыргызстандын бойго жеткен ар бир жараны апасынын атын ала аларын айтты.
«Жакында паспорт алганы бара турган, 16 жаштагы уулум Капалов Данияр Алтыновичти куттуктайм. Мени өзгөчө Конституциялык соттун «матчество институту» деген сөздөрү кубандырды», — деди Капалова.