Кыргызстанда байырлаган ак илбирстин саны арбыды

Автор

Кыргызстандын аймагында 285 ак илбирс байырлап жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын резолюциясынын негизинде 23-октябрь – Эл аралык ак илбирс күнү катары кабыл алынгандыгына байланыштуу Бишкекте өткөн иш-чарада айтылды.
Иш-чарада Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын алкагында өлкө аймагында жашаган ак илбирстин санын аныктоо боюнча комплекстүү баалоонун жыйынтыгы чыгарылды.
Баалоо 2020-2024-жылдар аралыгында заманбап методдорду колдонуу менен жүргүзүлдү. Мында фотокапкандар маалыматтарды чогултууга жардам бергендигин Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын эл аралык координатору Костуб Шарма билдирди.
«Окумуштуулар 125 миң чарчы километрден ашык аймактарды изилдешти. 875тен ашык фотокапкандар орнотулду. Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, Кыргызстанда 234төн 349га чейин ак илбирстин бар экендиги аныкталды. Орточо эсеп менен ак илбирстин саны 285 деп белгиленди», — деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Трамп тоонун атын өзгөртүүнү чечти

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Түндүк Америкадагы эң бийик Денали деп аталган тоонун атын өзгөртүүнү көздөп жатканын билдирди. “The Guardian” басылмасынын маалыматына ылайык, XIX кылымдын аягында бул тоо АКШнын 25-президенти Уильям Мак-Кинлинин урматына аталган. Бирок 2015-жылдын августунда ошол учурдагы АКШнын президенти Барак Обама Аляска тургундарынын талабы менен тоону Денали деп […]

Сизге жагышы мүмкүн