Кыргызстанда “Ат чабыш” күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгат

Автор

Кыргызстанда 1-августтан тарта “Ат чабыш” күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматта ылайык, “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы күмүш монеталар 8-14-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат.
Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары така түрүндө салынган ат майданынын фонунда ат чаап бараткан эки чабандес чагылдырылган. Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасы жана монетанын “Ат чабыш/At Chabysh” деген аталышы, ошондой эле монетанын номиналы 10 сом түшүрүлгөн.
Монетанын арткы бетинде да жарышка түшкөн чабандестердин сүрөтү, мамлекеттик герб чагылдырылып, “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World Nomad Games” деп жазылган. Монетанын сол жагында чыгарылган жылы (2024), оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) менен салмагы (31,10 g) берилген.
Белгилей кетсек, “Ат чабыш” коллекциялык монетасы өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж-2024: Бүгүн Денис Петрашов 200 метрге сүзүү боюнча мелдешке катышат

Бүгүн, 30-июлда Париждеги Олимпиада оюндарынын алкагында кыргызстандык суучул Денис Петрашов экинчи ирет күч сынашат. Ал брасс стилинде 200 метр аралыкка сууда сүзүү боюнча мелдешке катышат. Бул жарышка жалпы 25 спортчу чыгат. Жарым финалга чыгуу үчүн ТОП-16га кириш керек. Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат. 27-июлда Денис Петрашов Олимпиада оюндарында […]

Сизге жагышы мүмкүн