Кыргызстанда аскерге күзгү чакыруу башталды

Автор

Кыргызстанда аскерге күзгү чакыруу башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аскердик кызматка чакырылуудан мөөнөтүн узартууга укугу жок, 18 жаштан 25 жашка чейинки аскерге чакырылган курактагы кыргызстандыктар чакыруу комиссиясынан өтүү үчүн жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарына келүүгө милдеттүү.
Бүгүн, 10-сентябрда Республикалык жыйын пунктунда чакыруучуларды анык аскердик кызматын өтөөчү жерлерге узатууга арналган биринчи аскерге жөнөтүү иш-чарасы болду.
Ага Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери, “Жоокерлердин энелери” республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова, чакыруучулардын ата-энелери жана жакындары катышты.
Чакыруу үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрына чейин улантылмакчы.

Бөлүшүү:
Next Post

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары -2024: Кыргызстандын көкпакомандасы финалга чыкты

Бүгүн, 10-сентябрда Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкпар (жер улак) командасы Түркиянын командасын 15:1 эсебинде утуп алды. Муну менен Кыргызстандын көкпар курама командасы финалга чыкты. Белгилей кетсек, оюндардын алкагында көкпар боюнча тогуз команда катышууда. Финал 12-сентябрга белгиленген. Эске сала кетсек, бир күн мурун кыргыз курамасы Монголиянын командасын 16:0 […]

Сизге жагышы мүмкүн