КР Улуттук банкы доллардын расмий курсун 88,93 сом деп белгиледи. Ал эми коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу 89,53 сомду түзүүдө.
Мындан мурда октябрь айында доллардын курсу 90 сомго чейин жеткен. Анда Улуттук банк доллардын курсунун өсүүсүн сезондук факторго байланыштырган.
Бей Ноя 23 , 2023
Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев Жалал-Абад облусунун чыгарган чечимин аткарбаган билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаеваны жарга такады. “Жалал-Абаддын губернатору июнь айында коллегия өткөзүп, коллегиянын чечимин силерге жөнөткөн. Анда облустагы билим берүү бөлүмдөрүнүн 6 жетекчисин кызматтан алуу сунушу берилген. Силер болсо, июнь айынан бери унчукпай отурасыңар”,- деди. Бирок, министрдин […]