Кыргызстанда айыл чарбасына каттоо жүргүзүлөт

Автор

Быйыл пилоттук айыл чарба каттоосу жүргүзүлөт.Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Араван районунун эки айыл аймагында, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Красная Речка жана Милянфан айылдарында пилоттук негизде каттоо өткөрүлөт.
Бул иш-чараны утурлай, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында отурум болуп өттү.
Анда Бакыт Төрөбаев каттоо айыл чарба тармагындагы толук, объективдүү жана ишенимдүү маалыматтарды алуунун маанилүү булагы болуп эсептелерин белгиледи.
Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов учурда Улутстатком тарабынан 2025-жылы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы иштелип, айыл чарба каттоосунун эсепке алуу формаларынын долбоорлору Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Министрлер Кабинетине караштуу Жер агенттиги менен макулдашылгандыгын айтты.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча планды сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн министрликтердин, ведомстволордун жетекчилерине, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, жергиликтүү мамлекеттик райондук администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына тапшырмалар берилди.
Белгиленгендей, 2025-жылы айыл чарбасын каттоо өлкө аймагы боюнча жүргүзүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Катар эмири Израилди аскердик операцияларды атайылап кеңейткенге айыптады

Катар эмири Тамим бин Хамад Аль Тани Израилди Иордан дарыясынын Батыш жээги жана Ливанда агрессиясын атайлап кеңейтүүгө айыптады. «Израил башка жерлерде, мисалы, Иордан дарыясынын Батыш жээги жана Ливан сыяктуу, алдын ала даярдалган пландарды ишке ашырып, агрессиясын атайлап кеңейтүүнү чечти»,-деди Аль Тани Меджлис Аш-Шуранын жаңы сессиясынын ачылышында сүйлөп жатып. Ал «Ливанга […]

Сизге жагышы мүмкүн