Бүгүндөн тарта Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо башталды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тизме түзүү 20-ноябрга чейин уланат.
Зыяратка баргысы келгендер ID-картасын, 2000 доллар жана кайтарымсыз 1000 сом төлөгөнү тууралуу квитанциясын жана дагы башка ажылыкка керектүү кагаздарды тапшырышы керек.
Эске салсак, 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Сауд Арабиясы Кыргызстанга 6 миң 60 квота бөлгөн.