Кыргызстанда Агартуу министрлиги түзүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев парламенттин жалпы жыйынында билдирди. Анын айтымында, билим берүүгө алтын баштуу адамды министр кылсак да, тармак оңолуп кетпейт, анткени, оор.
Мындан улам “мектепке чейинки” бөлүгүн өзүнчө бөлүп, агартуу министрлигин түзүү керек. “Бул маселени президентке жана Акылбек Жапаровго түшүндүрдүм. Учурда талкууланып жатат. Туура, спорт керек. Ал тармак жакшы өнүктү. Бирок, “билими күчтүү миңди жыгат” дейт. Билим берүү жагын талкуулап, министрди чакырып уксак да болот”,- деди төрага.
Ал мектептерди ЖОЖдорду, Илимдер академиясын, техникалык лицейлерди жалгыз билим берүү министрлиги тейлей албайт, аны бөлүш керек деп айтып келет.