“Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосундагы автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашуу” ратификацияланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңештин тарабынан 2023-жылдын 15-мартында кабыл алынган. Макулдашууну ратификациялоо КРнын аймагында жеңил жана коммерциялык техниканы чогултуу өндүрүшүн уюштуруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Долбоорду Кыргыз Республикасында ишке ашыруу республиканын автомобиль өнөр жайын өнүктүрүүгө, ИДПдагы өнөр жайдын үлүшүн көбөйтүүгө, автомобиль паркын жаңылоого, 2000ден ашык жаңы жумуш орундарын түзүүгө, автотранспорт каражаттары үчүн компоненттерди чыгаруу боюнча жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө түрткү берип, аны менен өлкөнүн экономикасынын өнүгүү динамикасына оң таасирин тийгизет.