Кыргызстанда автогаз тартыштыгы жакын арада жоюлаары айтылды

Автор

Кыргызстанда автогаз тартыштыгы жакын арада жоюлат. Мунай ташуучулар ассоциациясы ишендиргендей, өлкө аймагына автогаз ташыган цистерналар кирди, жолдо Казакстандын аймагында да келе жатат.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы автогаз таңкыстыгына Орусияда газ ташыган вагон цистерналардын жетишсиздиги жана өлкөдө бензиндин кымбатташына байланыштуу автогаз керектөөнүн өскөнү себеп болгон.
“Автогаз керектеген машинелердин басымдуу бөлүгү такси кызматын аркалагандыктан, анын жетишсиздиги ордо калаадагы май куюучу бекеттерде гана байкалууда. Ал эми аймактарда маселе жок”, – деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Жердин табигый рекорддору

Жердин табигый эң бийиктери, узун-кыскасы, ысык-суугу, тайыз-тереңи, өөдө-ылдый рекорд сырлары дагы эле чечиле элек. 1. Жердин эң бийик тоосу Эверест. Анын бийиктиги 8128 метр. Бийик тоо жылына 4 мм өсүп турат. Тоонун башы, чоку бөлүгү тик, аска-зоокалуу, ага чыгуу өтө кыйын. Чокуга биринчи жолу Гиальцен Норг баштаган Жапан экспедициясы 1956-жылы […]

Сизге жагышы мүмкүн