Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрөбү?

Автор

7-8-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, 7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын айрым жерлеринде жаашы күтүлөт.
Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9°, күндүз +13…+18°
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6°, күндүз +13…+18°,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн +8…+13°, күндүз +18…+23°, тоо этектеринде түнкүсүн -2 сууктан +3° жылуулукка чейин, күндүз +9…+14°,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз +8…+13°,
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +2…+7°, күндүз +12…+17°,
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…+5°, күндүз +13…+18°, тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6°, күндүз +5…+10°, бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8°, күндүз +3…+8° ка чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
8-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Бөлүшүү:
Next Post

Аскердик институтка соккуда НАТО инструкторлору жабыркаганы айтылууда

Полтавада аскердик институтка сокку урулду, анда НАТО инструкторлору жайгашкан болчу. Бул институт украин аскерлерин үйрөтүү жана НАТО менен координация жүргүзүү үчүн колдонулуп келген. Окуядан бир нече адам жабыркаганы айтылууда, бирок так маалыматтар азырынча белгилүү эмес. Соккудан кийин өрт чыгып, алгачкы маалыматтар боюнча, бир нече имарат талкаланган. Окуя боюнча кошумча маалыматтар […]

Сизге жагышы мүмкүн