Кыргызстандан жарым жылда 1,3 млрд долларлык товар экспорттолду

Автор

Жарым жылда Кыргызстан 1,3 млрд долларлык товар экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин сайтында айтылат.
Маалыматка ылайык, экспортко чыгарылган продукциянын көлөмү боюнча Бишкек шаары эң алдыда турат. 2024-жылдын биринчи жарымында Кыргызстан 1,3 миллиард долларлык товар экспорттогон, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 42,6 миллион долларга аз.
Бишкектен жөнөтүлгөн продукциянын көлөмү 624,1 млн долларды түздү, бул өлкөнүн жалпы экспортунун 49% түзөт. Кийинки орунда 245,5 млн доллар менен Чүй облусу (жалпысынан 19%) жана 140,6 млн доллар менен Талас облусу (11%) турат.
Экспорттун эң аз көлөмү Нарын облусунда катталып, андан болгону 81,7 миң долларлык товар жөнөтүлгөн, бул Кыргызстандын экспортунун жалпы көлөмүнүн 0,01%ын түзөт.
Ошол эле учурда жеке жактар тарабынан 55,3 млн доллар жөнөтүлгөн. Белгилеп кетсек, экспорттук-импорттук операцияларды жүзөгө ашыруучу жеке жактар административдик-аймактык бөлүштүрүү боюнча аныкталган эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Ысык-Көлдө сел кесепетин жоюу уланууда

Бүгүн, 20-августта таң эрте сел кесепеттерин жоюу иш-чараларын улантуу үчүн жалпы 755 адам, 59 атайын техника тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинен ӨКМден 358 куткаруучу, 7 инженердик техника, 8 мотопомпа чыкты . Ал эми облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 397 кызматкер жана 33 ХОВО, 16 жүктөгүч, […]

Сизге жагышы мүмкүн