Кыргызстандан алтын куймаларын мыйзамсыз ташып бараткандар кармалды

Автор

Кыргызстандан алтын куймаларын тиешелүү документтери жок мыйзамсыз ташып чыгуу фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти
Маалыматка ылайык, 17-сентябрында «Кең-Булуң» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Казакстандын аймагына бараткан «Лексус 470» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулду. Аны текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгуу үчүн тиешелүү документтери жок, жалпы салмагы 3,3 кг алтын куймалары жашырылган жай аныкталды.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо, ошондой эле курамында алтын бар металлдарды контрабандалоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер уюштурулууда

Бөлүшүү:
Next Post

Криштиану Роналдунун клубуна жаңы машыктыруучу дайындалды

Италиялык Стефано Пиоли Саудиянын “Аль-Наср” клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу клубдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, келишимдин чоо-жайы айтыла элек. Пиоли канааттандырарлык эмес жыйынтыктар үчүн кызматтан алынган португалиялык Луис Кастронун ордуна келди. Пиоли 58 жашта, 2019-жылдан бери италиялык адис Миланды жетектеп, 2021/22 сезонунда А Серияда жеңишке жетишкен. […]

Сизге жагышы мүмкүн