Экспорттук потенциалды жакшыртуу максатында 2023-жылы Кыргызстандын 38 ишканасы Өзбекстандын бирдиктүү реестринде каттоодон өткөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Өзбекстанга 38 ишкана өз продукциясын экспорттоого мүмкүнчүлүк алды. Алардын арасында:
сүттү кайра иштетүүчү 14 объект;
балыкты кайра иштетүүчү 6;
этти кайра иштетүүчү 7;
тамак-ашты кайра иштетүүчү 11 ишкана бар.