Кыргызстандагы 150дөй айылга өзгөчө макам берилет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында белгилүү болду.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдындагы отурумда алгач Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү маселеси каралды.
Документке ылайык 150нүн тегерегиндеги айылга өзгөчө макам берилет. Ал мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, мамлекеттик чек араны бекемдөө, чек ара аймактарындагы маселелерди чечүү, социалдык-экономикалык өнүгүүгө дем берүү, чек ара аймактарында жашаган калктын турмуш шарттарын жакшыртуу, чек ара аймактарындагы калктын арасында ички миграцияны токтотуу максатын көздөйт.
Ошондой эле МинКабдын чечими менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак жана Сарай айыл аймактарында жайгашкан айыл чарба багытындагы жерлерге өнөр жай жана өндүрүштүк объекттерди жайгаштыруу категориясына которуу кабыл алынды.
Маселен, Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан 1,40 га жерге индустриалдык-логистикалык борбор курулат. Долбоорго ылайык, аталган борбор “Достук” чек ара өткөрмө аймагынан 0,86 км аралыкта жайгашат жана анда кампа имараты, көмөкчү чарбалары бар имарат, унаа токтоочу жай, трансформатордук подстанциянын курулуштары каралган.
Бул багытта МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров инфраструктуралык долбоорлор үчүн жерлерди трансформациялоо иштери кылдат жана мыйзам алкагында жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.