Кыргызстанда өлкөдөгү эң мыкты мектептердин рейтинги жарыяланды. Тандоо үчүн Билим берүү министрлиги тарабынан атайын көз каранды эмес калыстар тобу түзүлгөн.
Комиссия профессордук-окутуучулар составынын иш тажрыйбасына, коллективдердин тарбиялык жана башкаруучулук чеберчилигине, окуучулардын жетишкендиктерине баа берди.
Рейтингде Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектеби республиканын мыктысы наамына ээ болду. Байге катары бул мектептин бир классы заманбап жабдуулар менен камсыздалат.