Кыргызстандагы эң мыкты мектеп аныкталды

Автор

2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүү орто мектеби “Кыргыз Республикасынын мыкты мектеби” болуп аныкталды Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, республикалык тандоо 5 этаптан туруп, жалпы 122 мектеп катышты. Тандоо Кыргыз Республикасынын мыкты мектептеринин алдыңкы иш тажрыйбасынын үлгүлөрүн, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрүн коомчулукка жана кызыкдар жалпы билим берүү уюмдарынын арасында жайылтуу максатында өткөрүлдү.
Республиканын мыкты мектебин тандоонун алкагында Бишкек шаарында 26-сентябрда билим берүү марафону жана тандоого катышкан жалпы билим берүү уюмдарын сыйлоо аземи өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, өткөн жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев атындагы орто мектеби “Мыкты мектеп” деп табылып, мектептин бир кабинети заманбап үлгүдөгү технологиялар менен жасалгаланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттук банк валюта базарынан 22,5 млн доллар сатып алды

Улуттук банк интервенция жүргүзүп валюта базарынан 22,5 миллион доллар сатып алды. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтына жарыяланды. Буга чейин Улуттук банк 26-июлда валюта базарынан 48,1 миллион доллар сатып алган. Ал эми август айында эки жолу доллар саткан. 2024-жылдын башынан бери 17 жолу валюталык интервенция жүргүзүлгөн. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн