Кыргызстанда 2024-жылы калктын адам башына жашоо минимумунун орточо өлчөмү 7963,72 сомду түздү. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында камтылган.
Эмгекке жарамдуу калк үчүн жашоо минимумунун өлчөмү айына 8906,51 сомду, ал эми пенсия курагындагылар үчүн 763,85 сомду түзөрү көрсөтүлгөн. Балдар үчүн 6 миң 768,77 сом деп белгиленген.
Жашоо минимумунун эң жогорку деңгээли Жалал-Абад облусунда – 8,2 миң сом, эң төмөнкүсү Ысык-Көлдө – 7,5 миң сом болду.